Нарында балдардын от менен ойноосунан өрт чыкты

Нарындагы үйдө 1000 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-ноябрь күнү Нарын районунун Тойгонбай көчөсүндө жайгашкан үйдө жыйналган 1000 түк чөп өрттөнүп жатат деген маалымат түшкөн. Ал жерге 1 бөлүм жана 4 куткаруучу тартылган. Өрт саат 16:20да чектөөгө алынып, 19:00да толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөр 300 боо чөп, турак үй, мал сарайды өрттөн сактап калышкан. Кырсыктын келип чыгуу себеби: балдардын от менен ойноосу.