Нарында балык уулоо учурунда сууга түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды. Сүрөт

Кечээ, 26-апрель күнү ӨКМдин бөлүмүнө жергиликтүү тургундар адамдын жансыз денесин көргөнүн билдиришкен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, айтылган жерге Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 6 куткаруучу тартылып, сууга агып кеткен 1993-жылы туулган М. уулу С.нын жансыз денеси Ала-Буга дарыясынан коопсуз жайга алып чыгарылып туугандарына өткөрүп берилген.

Эскерте кетсек, Баетов айылынын тургуну М. уулу С. 2020-жылдын 27-декабрында Ала-Буга дарыясына балык кармоо учурунда сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы 2020-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 6-январына чейин Ала-Буга жана Нарын дарыяларынын агымын жээктеп, издөө иштерине 10-25 куткаруучу тартылган. Ошондой эле Ак-Талаа районундагы №15 ЖТИден дарыянын нугун бурууга 1 даана эксковатору тартылган.

Издөө иштери абанын температурасынын кескин төмөндөп, тоң кеткенге чейин убактылуу токтотулган.