Нарында бычакталган аял: «Балдарым менен кошо кышында көчөгө кубалап салчу»

31-августта Нарын шаарынын Он-Арча базарында жолдошу аялын бычак менен менен сайган видео социалдык тармактарга тараган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Жабырлануучунун өмүрүн сактап калышкан. Учурда аял ооруканада дарыланууда. Адила Социалова абалы тууралуу SUPERTV’га айтып берди.

«Үйлөнгөндөн бери жолдошум ичет. Көп эле уруш-талаш болуп, колу тийчү. Чыдап жашап келдим. Акыркы убакта өлтүрүп саларын айтчу. Карта ойночу. Үйдө тынчтык берчү эмес. Анысына да көнүп чыдадым. Мен ага өйдө карап катуу да сүйлөй алчу эмесмин. Кабагымды түйүп сүйлөсөм да, колуна тийгени менен чапчу. 

Кызганыч деп жатышат. Мени бир да жолу кызганып көргөн эмес. Таңкы саат 5те такси менен жумушка кетем. Кантип кеттиң деп да сурап койчу эмес. Тескерисинче, айлыгымды сурачу. Өзү анда-санда иштейт, тапканын картага коротот. Утулганын менден алчу. Бир жолу таап бере албай турганымды айтсам, балдарым менен кышында көчөгө кубалап салган», — деди ал.