Нарында бычакталган аял: «Бычак сайылганда эле балдарымды ойлодум»

31-августта Нарын шаарынын Он-Арча базарында жолдошу аялын бычак менен менен сайган видео социалдык тармактарга тараган. Бул факт боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Жабырлануучунун өмүрү сакталып калышкан. Учурда аял ооруканада дарыланууда. Адила Социалова абалы тууралуу SUPERTV’га айтып берди.

«Биринчи эле сайганда оң тарабым экенин сездим. Балам оюма келди. Эң биринчи эле улуу балам оюма келди. Жыгылып бара жатканда эле балдарымды ойлодум. 

Мен бул кайсы маалда келет деп эле корко берчүмүн. Анткени өзү телефондон коркутчу. «Мен сени өлтүрүп кетем» дечү. «Ажалым сенин колуңда болсо, өлтүр» дечүмүн. Канча жылдан бери коркутуп келди. Кулагыма деле сиңип калган»,— деди ал.