Нарында чайханада өрт чыгып, 20 жаштагы кыз күйүк алды

Нарында чайханада өрт чыгып, 20 жаштагы кыз күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт Ленин көчөсүндө жайгашкан “Изумруд” чайханасынан чыккан. Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 25 чарчы метр жер күйгөн. Өрттөн 2001-жылы туулган кыз киши 1-даражадагы күйүк алды. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.