Нарында эки унаа сүзүшүп, 48 жаштагы киши унаада кыпчылып калган (сүрөт)

Нарында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 330-чакырымында катталды. Анда Honda Odyssey менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу 1973-жылы туулган эркек киши кыпчылып калган. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар унаанын ичинде кыпчылып калган айдоочуну чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.