Нарында «Хизб-ут-Тахрир» экстремистик уюмунун мүчөсү кармалды

«Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

8-декабрда УКМКнын Нарын облустук башкармалыгы жана Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан сот тарабынан тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна таандык фотоматериалдарды тараткан уюмдун активдүү мүчөсү, Кыргыз жараны кармалды. Нарын шаардык сотунун санкциясы менен кармалган жарандын жашаган жеринен тинтүү учурунда Фейсбук социалдык тармагында экстремисттик аракеттерди жасаган «Samsung J2» телефону жана сим-картасы табылып алынган. Азыркы учурда кармалган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.