Нарында изделип жаткан 56 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Ал аты менен кошо сазга чөгүп кеткен

Нарында изделип жаткан киши аты менен кошо сазга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨМКден билдиришти.

Маалыматка караганда, 56 жаштагы жарандын жансыз денеси 4-мартта саздан табылган. Ал Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын тургуну болгон. Туугандары аны 24-февралда үйдөн ат минип чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин айтып, 28-февралда ӨКМге кайрылышкан. 6 куткаруучу тартылып, туугандарынын көрсөтмөсү менен Жумгал суусунун жээктеринен издөө ишин жүргүзүшкөн. 4-март күнү аталган жарандын жансыз денеси саздан табылып, куткаруучулар жарандын жана минген атынын жансыз денесин саздан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.