Нарында жер титиреди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 1-октябрда саат 14:07де Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Үгүт, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 3,5 баллга, Жаңы-Талап, Байгенчек айылдарында 3 баллга, Ак-Талаа, Кара-Ой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.