Нарында жол кырсыгынан бир адам каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Нарын облусундагы бөлүгүндө кырсык болуп, бир адам каза болду.

Бул окуя бир күн мурда, тактап айтканда 14-июлда болгон. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгу унаа келе жатып жолдон чыгып кетип, Митсубиси унаасын келип сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Степвагон унаасынын  жүргүнчүсү каза болуп, башкалары жаракат алган.