Нарында карындашына болушуп, ооруканага түшкөн бала. Аны арматура менен сабашкан

Буга чейин Акыйкатчы институту карындашына болушуп, ур-токмокко кабылган бала тууралуу маалымат беришкен. Ур-токмоктун кесепетинен баланын 2 айдан ашык убакыттан бери Улуттук госпиталда дарыланып жатканы айтылган. Окуя боюнча Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова үн катты.

«Нарында топ жигиттер жергиликтүү тургунду сабап салышкан. Ал 15 жаштагы карындашына болушкан. Натыйжада ага кол салуу болуп, арматура менен сабап салышкан. Ал араң калган. Дене табы түшпөй жатат, бир нече сыныктар бар. Апа балдарын жалгыз багып келе жатат. Экспертиза жеңил жаракат алган деп чыгарыптыр. Мен ИИМ бул ишти көзөмөлгө алсын деп талап кылам», — деп жазды ал.