Нарында карындашына болушуп, сабалган бала. Экспертиза дайындалып, Бишкекке жиберилди

Нарында карындашына болушуп, сабалган өспүрүмдүн окуясы боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып Бишкек шаарына жиберилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден билдиришти.

«Бул боюнча толук кандуу иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгына жабырлануучу тарап нааразы болгондуктан, бүгүнкү күндө тийиштүү экспертиза дайындалып, Бишкек шаарына жиберилди. Жыйынтыгы чыкса, кошумча маалымат беребиз»,- дешти облустук милициядан.