Нарында катуу шамал болуп, үйдүн чатырына терек кулаган (видео)

Нарында катуу шамал болуп, үйдүн чатырына терек кулады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

28-июнда саат 15:55 чамасында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы үйдүн чатырына терек кулаган. Табигый кырсыктын кесепетинен чатырдын бир тарабынын шиферлери талкаланган. Жерине Ак-Талаа районундук №47 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Баетов айылында жайгашкан гидропосттун кызматкерлеринин маалыматы боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен.