Нарында катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду (сүрөт)

Бүгүн, 27-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырын учурду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын жана Терек-Суу айылында 2 үйдүн чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Шамал басылгандан кийин жеринде Жарандык коргоонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иш-чараларын жүргүзөт.