Нарында кийимдери дарыядан табылган 80 жаштагы карыяны издөө иштери убактылуу токтотулду

Нарында 80 жаштагы карыяны издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

29-июндан тартып дайынсыз жок болуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы тургунун 9-июлга чейинки издөө иштеринен натыйжа болбогондугуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Буга күн ысып, Нарын дарыясынын суусу кирип, издөөгө мүмкүн эмес жагдай жаралганы себеп болгон. Ошондой болсо да, дарыяга жакын жайгашкан айылдардын башчыларына суудан адамдын сөөгү табылып калса кабарлоо керектиги айтылды.

80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Мындан улам куткаруучулар жана туугандары менен биргеликте бир нече топторго бөлүнүп, дарыя жээктеп батышты карай издөө иштерин жүргүзүп келишкен.