Нарында киши колдуу болгон 7 жашар кыз. Айыпталуучу 12 жылга эркинен ажыратылды

Нарын райондук соту 7 жашар кыздын өлүмүнө айыпталган кишини 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын облустук сотунан билдиришти.

Соттун өкүмү менен 64 жаштагы жаран жалпы режимдеги колонияда кармалат. Жабырлануучу тарап өкүмгө нааразылыгын билдирип, кийинки инстанцияга кайрылды. Иш облустук сотто кийинки аптада каралышы мүмкүн экени айтылды.