Нарында киши колдуу болгон 7 жашар кыздын агасы: «Сот айыпталуучуну 12 жылга эмес, өмүр бою эркинен ажыратышы керек болчу»

Нарын райондук соту 7 жашар кыздын өлүмүнө айыпталган кишини 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Соттун өкүмү менен 64 жаштагы жаран жалпы режимдеги колонияда кармалат. Жабырлануучу тарап өкүмгө нааразылыгын билдирип, кийинки инстанцияга кайрылды. Иш облустук сотто кийинки аптада каралышы мүмкүн экени айтылды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун атасынын бир тууганы менен байланышканыбызда, кийинки инстанцияга кайрылышканын тастыктап, соттун чечимине каршы экенин билдирди. «12 жыл деген аябай жеңил жаза. Өмүр бою эркинен ажыратылышы керек болчу»,- деди агасы.