Нарында көмүр ташыган Хово үлгүсүндөгү унаа жол кырсыкка кабылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, Кочкор айылынын 1981-жылы жана 2004-жылы туулган тургундары Жумгал районунан Кум-Дөбө айылына көмүр ташып баратышкан. Айдоочу рулга ээ боло албай калган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен жүргүнчү жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилди.