Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 25-мартта саат 02:53 чамасында Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Нарын районунун Төш-Булак, Жан-Булак, Достук, айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.