Нарында күйөөсү аялына бычак сайган видео тарады

Соцтармакта күйөөсү аялына бычак сайган видео тарап, милициядан окуя Нарында кечээ, 31-августта болгонун кабарлашты.

Нарын шаарынын 42 жаштагы тургуну Он-Арча базарында ашпоз болуп иштеген 43 жаштагы аялын бычак менен сайып салган. Жаракат алган аял ооруканага жаткырылса, жолдошу милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.