Нарында күйөөсү аялына бычак сайышы. Облус бийлиги бул факты көзөмөлдө экенин билдирди

Кечээ, 31-августта саат 11:00 чамасында Нарын шаарынын Он-Арча базарында жолдошу аялын бычак менен сайып салган факты боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Бул иш Нарын облусунун жетекчисинин, Нарын облустук прокуратурасынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Учурда 1983-жылы туулган жабырлануучу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Жабырлануучунун өмүрү сакталып калган. Абалы туруктуу. 1982-жылы туулган күйөөсү Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында окуя болгон жерде дароо кармалып, камакка алынган.

Аталган факты боюнча, Нарын ШИИБи тарабынан бейбаштык жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.