Нарында күйөөсү тарабынан бычакталган аялга ким жардам берген?

31-август күнү Нарын шаарынын борбордук базарында жайгашкан ашканын ичинен күйөөсү аялын бычактаган факты катталган. Окуяга Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматынын тергөөчүсү Жеңиш Муканбетов Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына арналган парадга катышып коюп, жеке жумуштары менен аталган базарга барып окуяга туш болот.

Ал жер тамактануучу жер болгондуктан жарандар көп экенин көрүп, бирок эч ким жанына барып ажырата албай жатканына күбө болуп, бычактап жаткан жаранды токтотуп, адам өмүрүн сактап калды.

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Жеңиш Муканбетов 2000-жылы Нарын районунун Достук айылында туулган. Ал 3 бир туугандын улуусу. Ички иштер органдарында 2018-жылдан бери кызмат өтөп келет. Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиянын бүтүрүүчүсү.