Нарында «кылмышты жаап берем» деген милиция кызматкери кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспектору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ички иштер органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМКга Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча маалыматтар түшкөн. Аталган фактынын негизинде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Инспектор кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек шаарынын тургунунун бейбаштык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн, андан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Бирок убадасын аткарбай, жыйынтыгында жаранга кылмыш иши козголуп, анын иши сотко жөнөтүлгөн. Кечээ, 19-мартта шектүү кармалып, Нарын шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.