Нарында кыздар агайы тарабынан сексуалдык асылууга кабылып келгенин жарыялашты. Милиция эмне дейт?

Нарында англис тил курсунда окуган жаш кыздар сексуалдык асылууга кабылып жүрүшкөнүн Инстаграмдан атайын баракча ачып, өз окуяларын жарыялап, айтып чыгышты. Кыздардын айтымында, Нарындагы англис тили борборлорунун биринде сабак берген 60 жаштагы мугалими аларга сексуалдык ыдык көрсөтчү.

Нарын ШИИБ бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдирди. «Азыркы учурда тиешелүү кызматкерлерге тергөө тапшырмалары берилип, окуя боюнча кимге кандай зыян келтирилгендиги боюнча ар тараптуу жана объективдүү тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат болсо, билдиребиз», — дешти.