Нарында кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүп келгени айтылган киши муунуп каза болду

Нарында кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүп келгени айтылган киши кечээ, 14-апрелде муунуп каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден тастыкташты.

Факты каттоого алынып, милиция текшерүү иштерин улантып жатат.