Нарында милиция кызматкеринин унаасын 74 жаштагы айдоочу сүзгөн. Каза болгон жаран бар

Турмуш

Кечээ, 3-август күнү саат 20:40 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жумгал РИИБдин жоруктар жөнүндө иштер боюнча тобунун улук ыйгарым укуктуу кызматкери милициянын ага лейтенанты уюлдук телефон аркылуу Жумгал районунун Чаек айылынан «Урмат» дүкөнүнүн жанынан анын башкаруусундагы автоунааны башка автоунаа сүзүп салгандыгын билдирген. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

Аталган маалымат Жумгал РИИБге каттоого алынып, ыкчам тергөө тобу барган учурда төмөнкүлөр аныкталган:

3 август күнү саат 20:30 чамасында Чаек айылынын Мытыев көчөсүндө жайгашкан «Урмат» дүкөнүнүн түштүк тушунан Жумгал районунун Байзак айылынын 1947-жылы туулган тургуну, өзүнө тиешелүү унаасын мас абалында күн батыштан күн чыгышты көздөй башкарып бара жатып, өтүүчү жайдын карама-каршы тилкесинен чыгып Жумгал РИИБдин жоруктар жөнүндө иштер боюнча тобунун улук ыйгарым укуктуу кызматкери милициянын ага лейтенантынын башкаруусунда бара жаткан унаасын сүзгөн.

Натыйжада унааны сүзгөн айдоочу Жумгал райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жаракатынан эсине келбей каза болгон. Анын башкаруусундагы автоунаада бара жаткан 5 жаран Жумгал райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Жумгал РИИБдин кызматкери спирт ичимдигин ичкен же ичпегендигин аныктоо максатында текшерүүдөн өткөрүлүп, спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталган. Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.