Нарында миң сомдуктарды алып жаткан жеринен аял киши кармалды

Нарын ШИИБдин кызматкерлери тарабынан опузалап талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

2012-жылдын февраль айында жаран үч бөлмөлүү батирди 12,5 миң долларга сатып алып, 6 айлык мөөнөткө ишеним кат жазып берип, бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу өз убагында үйдү өзүнүн атына которо албай калган. Азыркы учурда жаран үйгө кайра ишеним кат жазып берүүнү сураса, коркутуп үйдү сатып сала тургандыгы же болбосо 3 миң доллар берсе кол коюп бере тургандыгын айтып опузалап талап кылып жаткандыгы тууралуу мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранып, 20-февраль күнү арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө 20-февраль күнү жабырлануучудан 118 миң сом алып жаткан жеринен кылмышка шектүү 1966-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кармалып, тинтүү учурунда 1000 сомдук купюрадан түзгөн 118 миң сом акча каражаты чыккан. Нарын шаардык соту тарабынан 2 ай үй камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.