7-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, ошондой эле Кызматтын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Ак-Талаа районунун Кош-Тобо айылына караштуу Жангыз-Булак аймагында мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды.
Ак-Талаа районунун жашоочулары К. уулу Э. жана Ш. уулу Т. мыйзамсыз тоо кийигинин эти, уруксат кагаздары жок 1 ИЖ-12 үлгүсүндөгү ок атуучу мылтык, ошондой эле 3 балык уулоочу кайырмагы менен кармалды. Аткарылган текшерүү иштеринин натыйжасында тиешелүү документтер мыйзам чегинде жеринде толтурулуп, кармалган жарандар жана далил буюмдар мындан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук Ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жапайы жаратылышты, өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча мыйзамдарды так сактоого чакырат.