Нарында ок атышуудан бир киши каза болду. Маркумдун аты-жөнү такталууда

Нарын шаарында ок атышуудан бир киши каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 6-февралда кечинде милиция бөлүмүнө шаардын Москва районунан бир адамды атып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

«Бул билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынды. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда. Ал эми аны өлтүрүүгө шектелген жарандарды аныктоо, окуянын чоо-жайын териштирүү боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет», — дешти мекемеден.

Алдын ала маалымат боюнча, киши колдуу болгон адам криминалдык чөйрөнүн өкүлү экени айтылууда.