Нарында пара берип жаткан жеринен айыл өкмөт башчы кармалды

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда Нарын районунун Учкун айыл өкмөт башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК 2024-жылдын март айында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы «Жашыл Учкун» муниципалдык ишканасында финансылык мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар алынганын маалымдайт.

Тактап айтканда, «Жашыл Учкун» ишкананын эки банктык эсеби бар («Доскредобанк» ААКта — негизги эсеп жана «РСК банк» ААКта — атайын эсеп), мында жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар атайын эсепке чегерилет. 2023-жылдын август айында Учкун айыл өкмөтүнүн жооптуу адамдары жайыт төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу максатында негизги эсептен 260 миң сом алып, элден чогулган каражат катары атайын эсепке киргизишкен. Аталган адамдар иш жүзүндө бүтпөй калган жайыт жерлеринде ар кандай оңдоо иштерин жүргүзөбүз деген шылтоо менен 260 миң сомду негизги эсептен чыгарып салууга аракет кылышкан.

Бул маалыматты текшерүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү процессинде, 18-мартта Нарын районунун Учкун айыл өкмөт башчысы 1975-жылы туулган Ө.Э.М УКМК кызматкерине текшерүү иш-чараларын токтотуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Кылмыш Жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кармалды.