Нарында сел жүрүп, 42 үйдү суу каптады (видео)

Кечээ, 6-августта Нарын районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Куржылга, Ичке жана Куланак коктуларынан сел жүрүп, Куланак айылындагы 42 үйдүн короо-жайларын, ички чарбалык жолдорду каптап, 1 көпүрө жабыркаган.

Жерине ӨКМдин Нарын райондук №16 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу 1 мотопомпа менен тартылган. Алар 3 үйдүн короо жайын жана 1 үйдүн ичин жана жер төлөсүнөн сууларды сордуруп, тазалап беришкен. Калган турак үйлөрдүн көпчүлүгүнүн короосуна кирген суулар жерге сиңип кеткен. Ал эми бүгүн, 7-августта Жарандык Коргонуу кызматтары, куткаруучулар тарабынан тактоо жана тазалоо иш-чаралары улантылууда.