Нарын облусунун аймагында селсаяктардын жана туруктуу баш калкалоочу жайы жок адамдардын суукта көчөдө тоңуп өлүп калуусунун алдын алуу максатында «Селсаяк» аталышындагы ыкчам профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы 5 кылмыштын бети ачылып, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары Нарын облусунун шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн алдын алуу каттоосунда турган жарандар текшерүүгө алынды.
Жер-жерлерде соода-сатык түйүндөрү, менчик мейманканалар жана конок үйлөрү, жылуулук түйүндөрү, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары, жер төлөлөр жана башкалар милиция кызматкерлери тарабынан текшерилди.
Облус аймагында эч кандай кароосуз калган жарандар аныкталган жок.