Нарында унаанын ичинен жубайлардын жансыз денеси табылды

Ат-Башы районунда жеңил унаадан жубайлардын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрда Ат-Башы РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында жайгашкан гараждагы Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын ичинен белгисиз себептерден каза болуп калган 1983-жылы жана 1982-жылы туулган жарандардын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы турак үйдүн түштүк тарабындагы унаа токтотуучу жайдан, тактап айтканда, унаанын ичинен жансыз денелер табылган. Алар жубайлар экендиги такталды. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жансыз денелерден күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес.

Аталган факты боюнча тиешелүү эспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, алар унаанын газына ууланып, каза болгону божомолдонуп жатат. Жубайлардын артында 5 баласы калды.