Нарын облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан 13-14-август күндөрү уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттердин алкагында, ошондой эле коомдук коопсуздукту, укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоо максатында Нарын облусунун аймагындагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жана Нарын ОИИБдин ыкчам каттоосунда турган адамдарга карата «Бандит» аталышындагы атайын иш-чара өткөрүлдү.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында, каттоодо турган Нарын облусунун 33 тургунунун ичинен 17 адам менен алдын алуу боюнча иш-чаралары өткөрүлдү. Ошол эле учурда, мурда бир нече жолу оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон Нарын районунун 2 тургуну жана Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү криминалдык идеяларынан баш тартышты.
Аталган категориядагы калган 16 адам ичинен – 5 адам убактылуу кармоочу жайда, 11 адам катталган жеринде жашабагандыктан, тиешелүү иш-чаралар, анын ичинде ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.