Нарында үйүнө кайтып барбаган киши дарыядан изделип жатат (сүрөт)

Бүгүн, 14-ноябрда Нарын шаарынын 53 жаштагы тургунун издөөнү 5 куткаруучу улантышууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Учурда куткаруучулар шаарды аралай аккан Нарын дарыясынын жээктеринен, аралдардан карап жатышат. 11-ноябрь күнү туугандары болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендиги тууралуу билдиришкен. Мындан улам кечээ, 13-ноябрда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Нарын райондук ӨКБдан 20 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 2 адам тартылган.