Нарындагы ок атышуу: Шектүүлөр изделип жатат

Кечээ, 6-февраль күнү саат 20:40 чамасында Нарын шаарында ок атылып, 1 адам мерт болду. Окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иши жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан  кабарлашты.

Маалыматка караганда, милицияга өзүн тааныштырбаган адам кабар берип, Нарын шаарынын Москва аймагынан бир адамды атып кетишкенин айткан. Милиция кызматкерлери ал жерге барып, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын 1990-жылы туулган айдоочусун сол моюну тарабынан жаракат алган абалда табышкан. Аны Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын «Тез жардам» бөлүмүнүн кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүүгө алып кетип жатканы аныкталган. Бирок ал ооруканага жетпей алган жаракатынан улам каза болгон.