Нарындагы алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен (видео)

5-апрелде Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу маалымат ӨКМге саат 16:40та түшкөн.

Кырсык катталган жерге Нарын шаары жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу Солтон-Сары жайлоосуна саат 17:10до чыгып, 20:30да жерине жетишкен. Куткаруучуларга кошумча 6-апрелде таңкы саат 6:00дө аталган кырдаалды координациялоо үчүн ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан, Нарын шаары жана Нарын району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн суучул-куткаруучусу жана 5 кызматкер жөнөтүлдү.