Нарындагы алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусунун жансыз денеси муздун алдынан чыгарылды

5-апрелде Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен.

Кырсык катталган жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Кочкор райондук ӨК бөлүмүнүн суучул-куткаруучусу жана куткаруучулар издеп-куткаруу иштерин аткарышты. Алардын аракетинен соң бүгүн, 7-апрелде саат 09:12де жогоруда аталган жарандын сөөгү муздун астынан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.