Нарындагы «Болот» базарынын ээсинин үйүндө тинтүү жүрдү (сүрөт, видео)

“Болот” соода-базар комплексинин ээсинин курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2-февралда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү «алдамчылык» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Нарын облусунун Кочкор районундагы “Болот” соода-базар комплексинин ээси — Кочкор райондук кеңешинин мурдагы депутатынын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Тинтүү иштери учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, МП-155 үлгүсүндөгү мылтык, анын октору, Калашников автоматынан 5х45 калибриндеги ок-дарылары жана ошондой эле “Болот” соода-базар комплексинине тиешелүү документтер табылган. Аны менен катар анын наамына берилген ИИМ кызматкеринин 2 күбөлүгү жана Кочкор айылдык кеңешинин депутатынын бир күбөлүгү табылган. Ошондой эле, ИИМде катталган 2006-жылкы “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү унаанын техникалык паспорту да табылып алынган.

2024-жылдын январь айында соода-базар комплекстеринде чарба жүргүзүүчү субъектилерге ылайыктуу шарттарды түзүүдө тийиштүү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө “Болот” соода-базары комплексинин администрациясы тарабынан алдамчылык фактылары аныкталган.

Аталган жаран сатуу-сатып алуу келишимин жана башка укуктук документтерди түзбөстөн, ишкерлерге соода жайларын 70 миң сомдон 130 миң сомго чейин сатып жибергендиги ачыкталган. Муну менен катар, ал коммерциялык жайларды сатканына карабастан, карамагында бүтүндөй базардын жер тилкелери бар деген шылтоо менен контейнерлерди сатып алган ишкерлерден ушундай эле белгиленген ижара акысын өндүрүүнү уланткан.

Мындан тышкары, жеке контейнерлер кандайдыр бир себептер менен бош туруп калган учурда, ишкерлерден ижара акысын алуу улантылган. Андан соң ал ижарага карызын топтоп жатат деген шылтоо менен ишкерлерден контейнерлерди тартып алып, соодагерлер бул соода түйүндөрүндө сатып алуулар үчүн акча төлөп жаткандыгына көңүл бурбастан, өзүм билемдик менен кайра сатып же башкаларга ижарага берген.