Нарындагы жол кырсыкта 3 адамдын өмүрү кыйылды. Кырсыктын чоо-жайы

10-декабрь күнү саат 23:05 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын Кашка-Кыя участогунда КамАЗ менен Форестер сүзүшкөн. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

Окуя болгон жерге барган учурда Кочкор районунун тургуну 1995-жылы туулган жаран өзүнүн КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын тургуну 1993-жылы туулган жарандын башкаруусундагы жеңил унаа оор жүк ташуучу унаанын жолунан чыгып, КамАЗды оң тарабынан сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана анда жүргүнчү катары келе жаткан Жумгал районунун 1987-жылы туулган тургуну окуя болгон жерде мүрт кеткен. Ошондой эле ушул эле унаада жүргүнчү катары келе жаткан 1992-жылы туулган Жумгал районунун тургуну алган жаракатынан улам Жумгал райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ал жактан өзүнө келбей каза болуп калган. Мындан тышкары эки жүргүнчү оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу денесинен жаракат албаганы, жол кырсыгы болгон учурда соо абалда болгону жана анын башкаруусунда унаа бош болгону такталган. Азыркы учурда каза болгон адамдарга жана денелеринен жараат алган адамдарга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып тергөө иштери уланууда.