Нарындагы жол кырсыкта каза болгон 3 жаран жерге берилди

Сүрөт "Турмуш" басылмасынан алынды

Нарындагы жол кырсыкта каза болгон 3 жаран 12-декабрда жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Баш-Кууганды айылынын 1993-жылы туулган тургуну Назарбек уулу Нурсултан, 1992-жылы туулган Чыңгыз Сталбеков жана Байзак айылынын 1987-жылы туулган тургуну Эрлан Байтиев оор жаракатынан улам ооруканага жетпей каза табышкан. Чыңгыз Сталбековдун апасынын эскерүүсүндө, жолдошу мындан 10 жыл мурда кайтыш болгонун айтып, 5 баласы менен жесир калып, эми уулунан ажырап калганын айткан. Ал эми Назарбек уулу Нурсултандын артында 1 уулу жана кош бойлуу жубайы калды. Маркум Эрлан Байтиевдин артында 3 баласы калды.

10-декабрь күнү Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын Кашка-Кыя участогунда КамАЗ менен Форестер сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам көз жумган.