Нарындагы жол кырсыктан милиция кызматкери каза болду

Кечээ, 3-февралда Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан Ак-Кокту аймагында катталган жол кырсыктан 2 адам көз жумду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган тилкеде Ат-Башы РИИБдин 1982-жылы туулган кызматкери М.А. Ауди С4 үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан кезде карама-каршы тилкеде жогорку ылдамдыкта келе жаткан Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен Тойота Ипсумдун айдоочусу Т.А. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми милиция кызматкери М.А. Ат-Башы райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон.

Жол кырсыгынын кесепетинен дагы 3 адам Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылган. Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.