Нарындагы кафе өрттөндү. Жабыркагандар катталган жок

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында жайгашкан «Латифа» кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Жумгал райондук №43 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 11:35те чектөөгө алынып, 12:05те толугу менен өчүрүлдү. Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.