Нарын облустук милициясы маалымат таратып, 1-апрель күнү Нарында 7-класстын окуучусу Эрбол Абийиров өз жанын кыйганын билдирген. SEREPTV каналы Эрболдун бир тууган агасы менен байланышканыбызда, анын инисине мектептин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары күнөөлүү болушу мүмкүн экенин айткан.
Агасы «иним класста китепке деп чогултулган акчанын жоголгон 110 сому үчүн жанын кыйган болушу мүмкүн. Себеби, завуч инимди иш бөлмөсүнө алып барып, күбөлөр жок суракка алган. Ал жерде эмне болгонун эч ким билбейт. Жансыз денеде тактар болгон» деген эле.
Бүгүн, 9-апрелде Нарын облустук милициясы мектептин директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары кармалганын билдирди.