«Нават» ресторандар тармагынын тең кожоюну кармалдыбы? УКМКнын жообу

«Нават» ресторандар тармагынын тең кожоюну жана финансылык директору Сергей Острецовго кысым көрсөтүү жана анын ишканасындагы башкалардын акцияларын тартып алуу боюнча камакка алынгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«УКМК күрөөканалар тармагы сыяктуу болуп мыйзамсыз банк ишмердүүлүгүн жүргүзүү, анда 2009-жылдан ушул кезге чейин ири суммадагы салыкты төлөөдөн качуу фактыларын иликтеп жатат. Күрөөканалар тармагы аркылуу кылмыштуу жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу жана ага тиешеси бар адамдар текшерилүүдө», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Острецовдун УКМК тарабынан бир ай мурда кармалгандыгын жана ушул жол менен ишкерге кысым көрсөтүүгө аракет жасалып жаткандыгын жазып чыгышкан болчу.