Назарньюс сайтынын башкы редактору 1-декабрга чейин камакта болот

Журналист, Назарньюс сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева 1-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Ал №21 мекемеде камакта болот. «Келтирилген өтүнүчкө ылайык, айыпталуучу Кылмыш жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталууда»,- дешти.