«Неберем күнүгө түшүмө кирет». Тиш дарылатып, чарчап калган 3 жашар кыздын жакындары чогулушту

Тиш дарылатып, чарчап калган 3 жашар кыздын жакындары чогулуп, акыйкаттык издей турганын билдиришти. Кыздын чоң энеси анестезиолог эле эмес, тиш доктур да кармалышы керектигин айтты.

«Анестезиолог кармалды. 48 сааттан кийин бөгөт чарасын сот карайт экен. Аны үй камагына чыгарып жиберет деп чочулап жатабыз. Келиним «жинди» болуп калды. Баласын бизге ишенбей калды. Азыр ооруп сүйлөй да албай жатат.

Ал эми тиш доктур жүрөт, бир нерсе десең «боюмда бар» дейт. Кандай жүрөгү жок аял. Мага эне-атасын жиберет. Эмнеге өзү басып келбейт. Ата-эне, туугандарында эмне күнөө? Күнүгө неберем түшүмө кирет»,- деди чарчап калган наристенин чоң апасы.