Next TV каналынын директору 3-августка чейин камакта болот

Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин камактагы мөөнөтү 3-августка чейин узартылды. Бул тууралуу адвокат Тимур Султанов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Жактоочу тарап өкүмгө макул эмес жана жогорку инстанцияга даттанууда.

Аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан. Каналдын директору кармалып, камакка алынган.