Next TV каналынын директору 5 жылга соттолуп, сот залынан бошотулду

Бүгүн, 21-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиевдин иши боюнча өкүм чыкты. 

Ал күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Сот аны үч жылга пробациялык көзөмөлгө кылып, сот залынан бошотту. Таалайбек Дүйшөнбиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Журналист дагы үч жыл пробация органдарына барышы керек.

Аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан. Каналдын директору кармалып, камакка алынган.