Next TV каналынын директору камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин баш коргоо чарасын 3-июнга чейин узартуу боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн карады. 

Ал эми адвокат Тимур Султанов соттук отурумда камакка алуу менен байланышпаган баш коргоо чарасына өзгөртүүнү суранды. Бирок кеңеш бөлмөсүнөн чыккан судья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды.

Аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан. Каналдын директору кармалып, камакка алынган.